Урууларды коруу

Урууларды коруу учун суротту чонойтунуз

Жанылыктар

Санжыра

01

Май

Санжыра

Санжыра — арабча “شجرة - шажара” деген сөздөн алынган. Кыргызча мааниси дарак дегенди түшүндүрөт. Уруу, уруктардын дегеле ар бир адамдын ата-теги, алардын жашоо образы жана таралышы жөнүндө орчундуу маалыматтарды камтыган...

Долон Бий

15

Август

Долон Бий

Маалымат: Долон бий – кыргыздардын санжыралык-генеологиялык маалыматтарында айтылган түпкү атасы. Ферганалык молдо Сейф Ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги "Мажму ат-таварих" ("Тарыхтар жыйнагы") аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бийлердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары болуп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Ала-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын тарыхый дареги "Тарих-и Рашидиде" Долон топонимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан. Википедиадан алынган маалымат

Долон Бий уулу Ак уул

15

Август

Долон Бий уулу Ак уул

Маалымат: Ак уул – элдик санжырадагы оң канат кыргыз урууларынын атасы. Элдик санжырада кыргыздар Ак-уул жана Куу уул болуп эки канатка бөлүнүшөт. Ак уулдун тукумдары Оң канатты түзүп, ага: Адигине, Тагай жана моңолдор уруулары кирет. Санжырадагы Ак-уул жөнүндөгү маалымат тарыхый булактарда алгач Сайф ад-Дин Аксыкентинин "Мажму ат-таварих" (16-к.) аттуу эмгегинде эскерилет. Элдик санжырада Ак уул таза, өз боюнча карап жүргөн киши болгондуктан Жанкороз атыкканы айтылат. Оң канатка кирген уруулардын урааны - "Жанкороз". Википедиадан алынган маалымат

Видео

Санжыра; Багыш уруусу. Үмөт молдо 1-бөлүк

Kyrgyz sanjyrasy

Уведомления

Алымбек Датка Асан бий уулу

  • Жашаган жылдар: 1799 - 1862
  • Жашаган жылдар: 1799 - 1862
  • Жашаган жылдар: 1799 - 1862

Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү рол ойногон.1842-жылы Шераалыны хан (Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жеени Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.Алымбек Датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).

Отправьте сообщение на сайте